Гонконг полициясы өкмөткө каршы демонстранттарга алгач ирет ок атты. Андан бирөө-жарым жабыркаганы кабарлана элек экенин «France Presse» агенттиги 25-августта жазды. Жекшембиге караган түнү болгон кагылышууда 29 киши кармалган. Ага чейин демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгарчу газ колдонулуп келген.
Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоону караган мыйзамга каршы акциялар 11 апта мурда башталган.
Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып келатышат.