«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Азаттыкка» аймактарда анын эл менен жолугушуусуна бийлик бут тосуп жатканын маалымдады. Мадумаровдун айтымында, ар кандай бут тосуудан улам 22-23-август күндөрү белгиленген Баткен жана Исфана шаарларындагы жолугушууларын токтоткон.
«Баткенде жыйын болмок. Булар (ред: бийлик) аябай куу аракетке өтүп алды. Мындай түркөйлүк, арамзалык эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес. Ошондуктан эл жабыр тартпасын, ошол жерде бир нерсе уюштуруп, бирөөгө шылтап койбосун дедим. Элдин тынчтыгы үчүн деп кайттым. Бирок, Ноокат, Өзгөн, Аксы райондорунда жакшы деңгээлде өттү. Китептин ачылышы жана жолугушуу да болду», - деди Мадумаров.
Мадумаровдун айтымында, бул жолугушууларда журналист Айданбек Акмат уулунун калемине таандык, «Жалгыз дос» деп аталган китептин бет ачары дагы болду. Ал китепте саясий ишмер Апсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровдун мамилеси баяндалат.
Бирок өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Адахан Мадумаровдун жолугушууларына бийлик эч кандай кийлигишкен жок» деп маалымдады. (TSh)