Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Жангарачева: Асанов менен Атамбаев тууралуу сүйлөшкөн эмесмин


Мира Жангарачева.
Мира Жангарачева.

Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачева ички иштер министринин иштен алынган орун басары Курсан Асанов менен телефондон сүйлөшкөнү айтылган аудио боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал Асановду сыртынан гана тааный турганын айтып, Интернетке тараган маалыматты «фейк» деп атады:

- Эмне кааласа ошону чыгара беришсин. Бир-эки күн чыдайм, анан «ар-намысыма шек келтирди» деп сотко кайрылам. Курсан Асановду сыртынан эле тааныбасам, ал кишини билбейм.

Мунун алдында Интернетке «Асанов менен Жангарачеванын телефон сүйлөшүүсү болушу мүмкүн» деген аудио тараган. Сүйлөшүү 7-августта болгону айтылып, аял киши маектешип жаткан экинчи кишиге: «Анын шаарга түшүп, талкалап салышын каалап жатасыңарбы?» деген мазмунда кайрылган. Аудиомаектин үзүндүсүндө сөз ким жөнүндө болуп жатканы айтылган эмес.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстансоциал-демократиялык партиясы (КСДП) аудио боюнча Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага ачык кайрылуу жиберди. Анда аудионун жасалма же анык экенин ырасташ үчүн экспертизадан өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Ага жараша кылмыш ишин ачуу сунушталган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда УКМКнын бир кызматкери курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG