Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Асанов: Дамирге толугу менен ишенем


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМдин кызматкери Дамирбек Пайзылда уулунун камалышын өкүнүч менен кабыл алды. Бул тууралуу Асановдун адвокат Таалайгүл Токтакунова аркылуу тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда министрдин мурдагы орун басары милициянын атайын багыттагы полкуна, милициянын катардагы кызматкерлерине жана алардын катарындагы Дамирбек Пайзылда уулуна толугу менен ишенерин жана сыймыктана турганын белгилеген. Ошондой эле бул иш калыс жана мыйзам чегинде бүтөрүнө ишенерин билдирген.

«7-8-августта катардагы жөнөкөй кызматкерлер жарадар болгонуна карабай акырына чейин туруп, өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарышты. Дамирдин духу күчтүү, аны сындырып, ага каршы жасалма көрсөтмө алууга аракет кылып жатышса, мындай аракеттер ишке ашпай турганына көзүм жетет», - деп жазылган билдирүүдө.

Курсан Асановдун ишинин алкагында кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганын айткан эле.

Пайзылда уулу Дамирбек - министрликтин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна «Кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу маалымдама тапшырылган.

Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде 9-августта иштен алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG