Нью-Йорк шаарында 25-августта казакстандыктар саясий туткун деп таанылган мекендештерин колдоп акция өткөрүштү.
15тей адам Таймс-Сквер аянтына чыгып «Казакстандагы баардык саясий туткундарга боштондук!» деп жазылган кагазды көтөрүп, ушундай эле маанидеги ураандарды чакырып турушту. Акциянын катышуучулары «Казатомпром» ишканасынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишевди, акын-диссидент Арон Атабекти, жарандык активисттер Макс Бокаевди, Алмат Жумагуловду жана Кенжебек Абишевди жана башкаларды бошотууну талап кылышты.
Акцияны уюштурган «FreeKazakhs» тобу өзүн оппозициячыл саясий уюм деп атап келет. Ушул эле топ 14-августта Нью-Йорктогу Орусиянын консулдугунун алдында пикет уюштуруп, Казакстандагы орус полигондоруна каршылыгын билдирген.
Казакстанда саясий туткундарды колдоо акциялары ар кайсы шаарларда июль айынан бери өтүп келет. Бийлик өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирүүдө.