Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

27-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында 27-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градус болот.

27-августта Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 33…35° болот.

XS
SM
MD
LG