Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Иран талаштуу танкердеги мунайды белгисиз кардарга сатты


Мурда «Grace 1» деген ат менен таанымал «Adrian Darya 1» танкери Гибралтардын жээгинде токтоп турат. 18-август, 2019-жыл.
Мурда «Grace 1» деген ат менен таанымал «Adrian Darya 1» танкери Гибралтардын жээгинде токтоп турат. 18-август, 2019-жыл.

Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалууну күчөткөн супертанкердеги мунайды атын атабаган кардарга сатып жибергенин билдирди. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабией мунайдын жаңы ээси кеме кайда барарын аныктай турганын айтты.

Жер Ортолук деңизи аркылуу жалпысынан 130 млн. долларга бааланган 2,1 млн. баррел алып, Ирандын туусу менен бараткан танкерди 4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында «санкцияларга карабастан Сирияга чийки мунай алып бараткан» деген шек менен кармашкан. Жергиликтүү бийлик танкер Сирияга барбай турганын жүйө келтиргенде аны коё берүүгө уруксат беришкен.

АКШ танкер Ирандагы террорчул уюм деп эсептеген «Ислам революциясынын сакчылар корпусу» (IRGC) менен байланышы бар деп эсептейт.

Ал эми деңиздеги танкерлердин кыймыл-аракеттерине көз салган «Refinitiv Eikon» сайты мурда «Grace 1» деген ат менен таанымал «Adrian Darya 1» кемеси Түркияга бараткан танкерлердин тизмесинен чыгып кеткенин көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG