Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Бабанов Финполицияга кезектеги суракка барат


Бабанов Орусиядан Кыргызстанга келген учур. 9-август, 2019-жыл. «Манас» аэропорту.
Бабанов Орусиядан Кыргызстанга келген учур. 9-август, 2019-жыл. «Манас» аэропорту.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 27-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) кайрадан суракка барат. Бул тууралуу өткөн жумада өзү журналисттерге айткан.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Бабанов утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, бир топ убакыт тышта жүрүп, быйыл 9-августта кайтып келген. 19-августта Финансы полициясына, андан соң Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган.

Бабанов учурда УКМКда үч кылмыш иши боюнча, Финполицияда «Кыргызстан» банкынан башка да иштер боюнча сурак берип жатканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG