Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

Макрон сентябрда «Норманд форматындагы» кезектеги жыйын болорун айтты


Орусиянын президенти Путин жана Франциянын президенти Макрон.
Орусиянын президенти Путин жана Франциянын президенти Макрон.

Орусиянын, Украинанын, Германиянын жана Франциянын лидерлери сентябрда Украинанын чыгышындагы чатакты токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэл Макрон 26-августта Биаррице шаарында «Чоң жетинин» саммити аяктап жатканда айтты.

- Биз жакшы саммит өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейбиз, - деди Макрон. Бирок ал «Норманд форматы» деген ат менен таанылып калган мындай төрт тараптуу сүйлөшүүнүн так датасын айткан жок.

Украинанын чыгыш тарабында орусиячыл жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн ортосундагы тиреш 2014-жылы, Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери уланып келатат. Андан бери 13 миңден ашуун адам мерт болду.

Крымдын аннексиясына байланыштуу Орусия «Чоң жетинин» катарынан чыгарылган.

XS
SM
MD
LG