Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Борис Жонсон: 31-октябрда Евробиримдиктен чыгабыз


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 31-октябрга чейин Европа Биримдиги менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жонсондун айтымында, эгер бул күнгө чейин Брекзит боюнча келишимге келе алышпаса, Улуу Британия альянстан эч кандай шартсыз эле чыгат.

Эки тарап тең эпке келүүнү каалабай турган учурда Жонсон 68 күн ичинде жаңы келишим керек экенине ынандырышы зарыл.

Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте Брекзит келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG