Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Казакстанда жарандык активистке ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы облусунун Талгар шаарында 26-августта белгисиз бирөөлөр жарандык активист Галина Арзамасовага ок атышты.

Ал Талгар райондук акимчилигинин имаратынан 20 метр аралыкта турган автоунаадан пневматикалык тапанча менен атышканын, ок жамбаш сөөгүнө тийгенин билдирди.

Окуя болгон жерге дарыгерлер келип, ооруканага жатууну сунуш кылышкан. Арзамасова райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазарын айтты.

Жарандык активист акимчиликтен видеокөзөмөл камерасындагы жазууларды да сурап жатат.

Ички саясат башкармалыгынын өкүлү Толкын Саметова учурда полиция бул окуяны текшерип жатканын кабарлады.

Мамлекеттик органдардын ачык иштешин талап кылып жүргөн активист Арзамасова аким менен жолугушуунун алдын алыш үчүн ок атылган болушу ыктымал деп эсептейт. Ал токойлуу жерлердин сатылышына каршы чыгып, элге таанылган. Активист 2017-жылы эки жолу кол салууга кабылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG