Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Түркмөнстанда полиция банкоматка кезекке тургандарды кармап жатат


Банкоматка кезек күткөндөр.

Түркмөнстандын чыгышындагы Лебап облусунда жергиликтүү бийлик банкоматка кезекке туруунун алдын алыш үчүн катуу чара көрүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдагандай, полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармап, суракка алып жатат. Мындан тышкары, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен банкоматтын жанында «көрүнбөө» талап кылынганы айтылууда.

Өткөн жумада Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов өлкөдө каражат жетиштүү өлчөмдө экенин билдирип, банкоматтардын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылбаганы үчүн Борбордук банктын төрагасына сөгүш жарыялаган.

Бирок «Азаттыктын» түркмөн кызматы банкоматтар бузулбай эле иштеп жатканын, болгону аппараттарда акча жок экенин билдирүүдө.

Түркмөнстанда банкоматтан бир суткада 200 манаттан (57 доллар) ашык акча чыгарууга болбойт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG