Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Эки колунан айрылган жоокер Коргоо комитетин сотко берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетти сотко берүүгө камынууда. Учурда керектүү материалдар даярдалып жатканын жоокердин укугун коргоп жаткан «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» кабарлады:

- Окуя болгонуна бир жылдан өттү. Комитет «протезге жардам беребиз» деп убада берген. Азыр «бир күндүк айлык акыны которуп бергенбиз» деген шылтоону айтып жатышат. Ага үй-бүлө жашай турган жери болбогондуктан батир алышкан. Карапайым эл да акча чогултуп берген. Жакында 1 млн. сомдон ашуун камсыздандыруу каражатын алды. Азыр «ошонун эсебинен алып алсын» деп жатышат. Ал эми жоокерге 1850 сом пенсия чыгыптыр. Үй-бүлө эмнеге жашайт? Апасы жалгыз. Моралдык-материалдык чыгым төлөнүп берилген жок.

Жогорку сот Руслан Сапарбаевдин ишин 10-июнда карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Аскердик бөлүктүн «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган эки офицери үч жылга шарттуу кесилген. Сот чечиминин негизинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет Руслан Сапарбаевге бир жолку камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө милдеттендирген.

Руслан Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда армиядагы кезмет учурунда токко урунган. Дарыгерлер ага эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Башкы штаб жоокерге турак жай алганга да, протезге да жетиштүү каражат топтоп бергенин билдирип жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG