Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:08

Бир жаран «Мегакомго» каршы арыз жазды


«Мегаком» ишканасы.
«Мегаком» ишканасы.

Бишкек шаарынын тургуну «Мегаком» байланыш оператору кардарга маалымдабай туруп төлөм алынуучу кызматты кошуп койду деген негизде Монополияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик агенттикке арыз жазган. Бул тууралуу «Азаттыкка» агенттиктин директору Шухрат Сабиров маалымдады:

- «Кайсы бир кызматты сурабай эле кошуп жатат» деген арыз кечээ келип түшкөн. Тийиштүү чара көрөбүз. «Мегаком» компаниясынын, арыз жазган аялдын пикирин угабыз. Кандайдыр мыйзам бузуу болсо айыппул салышыбыз мүмкүн.

Акыркы айда социалдык тармактарда бул оператор кошумча кызматтарга акы алып жатканы боюнча нааразы пикирлер айтылган. «Мегаком» соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» компаниясы 2010-жылдан кийин мамлекеттештирилген. Бул компанияны өкмөт бир нече жолу сатууга аракет кылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG