Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:00

АКШ санкцияларын алмайынча Тегеран Вашингтон менен сүйлөшпөйт


Хассан Роухани.

Ирандын президенти Хассан Роухани Вашингтон менен Тегерандын мамилеси тууралуу АКШнын лидери Дональд Трамптын айткандарына жооп берди. Анда ал АКШ санкцияларынан баш тартпаса Иран аны менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

Дональд Трамп 26-августта Францияда «Чоң жетинин» саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Тегерандын өзөктүк программасынын айланасындагы пикир келишпестик тууралуу Ирандын президенти менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу 2015-жылы, Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыккандан кийин курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG