Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:04

Атамбаевдин жан сакчасы экинчи күбө менен беттештирилет


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө. 7-август, 2019.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасына кайрадан суракка чакырылды. Адвокат Замир Жоошевдин «Азаттыкка» айтканы боюнча, ал бүгүн күбө катары суралып жаткан кызматташы менен беттештирилет.

- Беттештирүү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бири-бирине окшошпой, карама-каршылыктар болуп калса өткөрүлөт. Аны кайсы бир берене боюнча айыпташы мүмкүн деген божомол бар, - деди Замир Жоошев.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Сот УКМКнын имаратында өтүп, адвокаттан башка жакындары, тарапташтары киргизилген эмес.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG