Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Кримчөйрөнүн өкүлүн актады деген судья бир нече кылмышка шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев бир катар кылмыштар боюнча шектүү катары өтүп жатат. Ага Жазык кодексинин (эски кодекстер боюнча) төрт беренеси - «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Кызмат абалынан пайдаланып документти жасалмалоо» жана «Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу» беренелери шек саналып жатканы тууралуу маалымкат тапшырылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратура тараткан маалыматка караганда, 2016-жылдын 30-сентябрында А.Ж. аттуу адвокат Свердлов райондук милициянын тергөөчүсүнүн ишине каршы арызданып ушул райондун сотуна кайрылган. Бул иште судья Дөөлөтбек Турдукожоев сот жараянына Свердлов районунун прокурорунун жардамчысы катышканы туурасында жасалма маалыматтарды киргизүүнү катчыга тапшырган. Бул аракеттер өзүнүн иштерин мыйзамдуу көрсөтүү максатында жасалганы белгиленет.

Судьяга карата козголгон кылмыш иши сотко жиберилди.

Судья Дөөлөтбек Турдукожоевдин аты криминалдык чөйрөдө «Алтуха» деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимов эркиндикке чыккан учурда да аталган.

Ибраимов шериги Тынчтыкбек Орозалиев экөө 2015-жылы «адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан», «опузалап акча талап кылган» деген айып менен камакка алынган. Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, судья Турдукожоев «опузалап акча талап кылганы далилденген жок» деген негизде аларды актаган. Ошол эле маалда «баңгизат сактаган» деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок «кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти» деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган.

2018-жылдын декабрь айында Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын сунушунун, Башкы прокуратуранын аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга берген макулдугунун негизинде президент Сооронбай Жээнбеков Турдукожоевди жергиликтүү соттун судьялык кызматынан бошоткон.

Турдукожоевге карата төрт берененин негизинде иш козголгону кабарланган. Жакында Бишкек шаардык сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылганы белгилүү болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG