Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:55

Орусия сенатор Рон Жонсонго виза бербей койду


Рон Жонсон.
Рон Жонсон.

Орусия АКШдагы Висконсин штатынын республикачыл сенатору Рон Жонсонго виза берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу сенатор өзү «Твиттердеги» баракчасына жазып, муну Орусиянын президенти Владимир Путинди жана анын саясатын сындап келгени менен байланыштырды.

Рон Жонсон Сенаттын Ички коопсуздук комитетин жетектейт жана 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алганда бул окуяны «тарыхый масштабдагы трагедия» деп сыпаттаган.

Сенатор - Орусияны Украинага жасаган мамилесинен улам жазалоочу чараларды камтыган бир катар мыйзам долбоорлорун демилгечиси. Ошондой эле Вашингтондогу орус элчилиги жайгашкан көчөгө Москвада 2015-жылы киши колдуу болгон саясатчы Борис Немцовдун ысымын ыйгаруунун сунуш кылгандардын арасында болгон.

Сенатордун басма сөз өкүлү билдиргендей, Рон Жонсондун Москвадагы сапары эмки аптага белгиленген болчу. Ал Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырганы жаткан Конгресстин делегациясынын курамында болгон.

Ал ортодо Орусиянын АКШдагы элчиси сенатордун айткандарын жокко чыгарды жана виза үчүн элчиликке кайрылбаганын, сапары тууралуу маалымат бербегенин билдирди.

Рон Жонсон Москвага былтыр келип кеткен.

XS
SM
MD
LG