Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Алматы-Бишкек трассасында жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги Алматы-Бишкек трассасынын 132-чакырымында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат таратты. 25-августта «Тойота Ист» менен «Тойота Камри 30» машиналары кагылышып, түрдүү жаракат алган 25 жана 18 жаштагы эки кыргызстандык Жамбыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Казакстандын Алматы облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, 26-августтун кечинде 25 жаштагы жигит кырсык учурунда алган оор жаракатынан уламказа болду. Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу жана полиция департаменти маркумдун жакындарына керек болгон жардамды көрсөтүүдө. Учурда кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатат. Кырсык боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG