Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Жээнбеков: Коррупциядан түшкөн акчага мектеп, бала бакча салабыз


Сооронбай Жээнбеков. 27-август, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков. 27-август, 2019-жыл.

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназияда коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта бул мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземине катышты.

- Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулар көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң кыйынчылык бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча каражатын мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз, - деди мамлекет башчы айыл тургундары жана мугалимдер катышкан аземде.

Жээнбеков жемкорлуктан түшкөн каражаттын кийинки бөлүгү бала бакча курууга жумшала турганын кошумчалады.

Сокулук районунун Орок айылында сабактар үч мөөнөттө өтүүдө. Эки кабаттуу кошумча курулуш корпусу мектептин сыйымдуулугун 500 окуучу орунга чейин жогорулатат.

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы да окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган. Мамлекет башчы борбор шаардагы мектептерге барганда атайын эсепке түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын белгилеген. Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылга карата республика боюнча курулуш иштери баштала турган 15 мектептин тизмесин түзгөн. Алардын 7си Бишкек шаарында, 7си Чүй облусунда жана бирөө Ош шаарында. (КЕ)

XS
SM
MD
LG