Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Бишкекте СССРге арналган көргөзмө болот

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 28-августта «Тынчтыкта жана ынтымыкта. СССР искусствосу» деген сүрөт көргөзмөсү ачылат.

Музейдин сайтындагы кабарга ылайык, Кыргызстандын эгемендигинин 28 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан маданий иш-чара 1930-1990-жылдардагы сүрөтчүлүк өнөрүнө багышталат. Ага СССРдин курамына кирген 15 мамлекеттин ичинен Түркмөнстандан башка өлкөлөрдөн сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Көргөзмө 29-сентябрга чейин уланат. (SE)

XS
SM
MD
LG