Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Айдоочулук күбөлүк боюнча тендерде казак ишканасы алдыга чыкты


Айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү.
Айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) мамлекеттик жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоо боюнча жарыялаган тендеринин жыйынтыгы чыкты. Мамлекеттик сатып алуу порталындагы маалыматка караганда, Казакстандын Улуттук банкынын банкноттук фабрикасы мамлекеттик үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланктарын 50 млн. 430 миң сомго, ал эми эл аралык үлгүдөгүсүн 346 миң 240 сомго даярдоону сунуш кылган. Башкача айтканда, бул ишкана мамлекеттик үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бланктарын жасоодо эң аз сумманы сунуш кылды. Тендерге катышкан башка эки компания мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк бланктары үчүн бири 51 млн. сом, экинчиси 70 млн. сом деген сумманы көрсөткөн. Тендердин жалпы баасы 75 млн. 364 миң сом болгон.

Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бланктарын жасоодо эң төмөн баа болгон 208 миң сомду «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому сунуш кылган. Айдоочулук күбөлүк бланктарын даярдоону кайсы ишкана утуп чыкканы тендердик комиссиянын акыркы чечиминен кийин белгилүү болот. Бирок эң аз сумма каражат сунуш кылган ишкананын мүмкүнчүлүгү башкалардан жогору болот.

Кыргызстанда азыр айдоочулук күбөлүктүн жана автоунааны каттоо бланктарынын (техпаспорт) тартыштыгынан улам, жарандарга убактылуу бланктар берилип жаткан. Мамкаттоо муну буга чейин ушул документтерди даярдап келген компания менен түзүлгөн келишим бүтүп, аларды даярдоо боюнча тендер жарыяланганы менен түшүндүргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG