Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Путин менен Эрдоган Идлибдеги кырдаалды талкуулашты


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Москва. 27-август, 2019-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Москва. 27-август, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган 27-августта Москвада жолугушуп, Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Идлиб провинциясындагы кырдаалды талкуулашты. Биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында Путин Түркиянын президенти экөө козголоңчулардын акыркы таянычы деп эсептелген Идлиб провинциясындагы «террорчуларды» жок кылыш үчүн кошумча чара көрүүнү макулдашканын билдирди.

- Түркиянын президенти менен Идлибдеги террорчулардын очокторун жок кылыш үчүн биргелешкен чара көрүүнү белгиледик, - деген Путин Эрдоган экөө тең Сирия бирдиктүү мамлекет бойдон калышы керек деген пикирде экенин кошумчалады.

Эки президенттин жолугушуусу 16-сентябрда Анкарада өтө турган саммитти утурлай болду. Ага Путин, Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани катышаары боолголонууда.

Сириядагы козголоңчулардын акыркы таянычы деп эсептелген Идлиб шаарына Орусиянын колдоосун алган өкмөттүк күчтөр апрелде бастырып киргенде жүздөгөн адамдар, көбүнчө карапайым тургундар курман болушкан. Түмөндөгөн адамдар Түркияга кире качкан.

Анкара өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан улам гуманитардык кризис жаралып, Түркиянын коопсуздугу үчүн коркунуч түзүлгөнүн билдирди.

- Идлибдеги кырдаал оорлошуп кеткендиктен, биздин аскерлерге коркунуч жаралууда, - деди Эрдоган. - Биз мунун уланышын каалабайбыз. Бардык тийиштүү чаралар керек учурда көрүлөт.

Сириядагы жарандык согуш башталган 2011-жылдын март айынан бери Түркия жалпысынан сириялык 3,6 млн качкынды кабыл алган.

XS
SM
MD
LG