«Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосу Тажикстандын бийлигинен бул өлкөдөгү сегиз журналистин аккредитациядан өткөрүүнү сурап, аларга карата куугунтукту токтотууга чакырды.
Корпорациянын президенти Жейми Флай 27-августта Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Аслов менен жолугуп, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Тажикстанда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун сегиз кызматкеринин иштешине тыюу салынган. Аларды өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги аккредитациядан өткөрүүдөн баш тарткан.
Буга чейин Аслов бийликте «Азаттык» радиосунун тажик кызматын («Озоди») жабуу ниети жок экенин билдирген. Ошол эле маалда ал макалалары менен мамлекеттик саясатка «зыян келтирип жаткан» кызматкерлер каттоодон өткөрүлбөй турганын айткан.
«Азаттык» радиосунун тажик кызматы - мамлекеттик маалымат каражаттарына альтернативдүү көз караштарды чагылдырган өлкөдөгү саналуу жаңылык булактардын бири.
Радионун «YouTube» каналына 737 000 колдонуучу катталып, ага жүктөлгөн видеолор 2018-жылы 200 миллион жолу көрүлгөн. «Facebook» социалдык түйүнүндөгү баракчасында 176 000 колдонуучу бар.