Ушул жылдын 1-сентябрында Кыргызстанда тогуз мектептин курулушу бүтүп, ишке берилет. Андан тышкары жыл аягына чейин дагы 39 мектеп менен үч бала бакчанын курулушу аяктайт.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын өкмөт жыйынында берген маалыматына караганда, коррупция менен күрөштөн түшкөн бирдиктүү депозиттик эсептен жаңы мектептерди куруш үчүн 799,3 миллион сом бөлүнөт.
Ал каражатка Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар курулат. Министрлик имараттардын жалпы наркын 941,9 миллион сомго баалап жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков 27-августта коррупциядан кайтарылган акчага мектеп жана бала бакчалар салынарын айткан.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар үчүн депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (BTo)