Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов Финполго суракка чакырылды


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов 27-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) сурак алыш үчүн жеткирилген. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, сурак алуу боюнча аларга алдын-ала маалымат берилген эмес.

- Процедуралар бузулгандыктан Ибраимов тергөөчүнүн суроолоруна жооп берген эмес, башкача айтканда сурак болбой калды. Ал 29-августта кайрадан Финполго суракка чакырылды, - деди адвокат.

Бул маалыматты Финполициянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастап, бирок анын кайсы иш боюнча суралганын тактаган жок.

Бүгүн, 28-августта Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун ишин кароо уланды. Анда адвокат Сергей Слесарев алдын-ала маалымат берилбей туруп Ибраимовду тергөө абагынан суракка алып чыгууга уруксат берген сотко жана Финполдун аракетине нааразылыгын билдирди. Сотто башка айыпталуучулардын адвокаты келбей калганына байланыштуу соттук териштирүү 30-августка жылдырылды.

Кулматов менен Ибраимов экөө тең коррупция боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда. Жалпысынан экс-мэрлердин ишине байланыштуу жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG