Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Садыр Жапаров уулунун тажиясына катышты


Камактагы саясатчы Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берилген. Ал 27-август күнү кечинде бошотулуп, 28-август күнү уулунун тажиясына катышты. Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастандын сөөгү Түптүн Кең-Суу айылында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына депутаттар Курманкул Зулушев, Талант Мамытов жана саясатчы Камчыбек Ташиев барды. Бул тууралуу анын жакындары маалымдады.​

Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жараатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматына караганда, ал 22-августтун кечинде Көк-Жар конушунда мотоциклде баратып, автоунааны сүзгөн. Жанындагы 20 жаштагы кыз да жабыркап, ооруканада жатат. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүүдө.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Быйыл мартта камактагы саясатчынын апасы кайтыш болуп, барып топурак салууга уруксат берилген. Буга чейин Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген эмес. Анын атасы Нуркожо Жапаров 2017-жылдын 20-сентябрында 84 жашында дүйнөдөн кайткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG