Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Абылгазиев китептердеги ката маселесин чечүүнү тапшырды


Ката менен басылган аттестат. «н» тамгасынын ордуна «ң» жазылып калган. 2019-жыл.
Ката менен басылган аттестат. «н» тамгасынын ордуна «ң» жазылып калган. 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-августта өкмөттүн жыйынында окуу китептериндеги жана аттестаттардагы каталарга байланыштуу маселени көтөрдү. Өкмөт башчы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага кайрылып, маселени чечүүнү тапшырды:

- Улуттук банк акча чыгарса, анда банктын төрагасынын колу коюлат. Башында Нанаев деген аксакалдын колу турчу. Азыр Толкунбек Сагынбековичтин колу турат. Ал эми ар бир китепте билим берүү жана илим министринин колу турушу керек. Министрдин колу болмоюнча китеп басып чыгарыш үчүн басмаканага жөнөтүлбөш керек. Сиз ошол системаны ишке киргизиңиз. Бул системаны быйыл кылбасак Билим берүү академиясын жоюп, министрликтин ишин караш керек. Мен Интернет аркылуу кечээтен бери эмне деген гана сөздөрдү угуп атам! Гүлмира Каримовна, муну тартипке салыш керек. Бул мурунтан келаткан катачылыктар. Бир китеп ката болду, эки китеп ката болду. Аттестат ката болду. Жетишет да, туурабы?

Гүлмира Кудайбердиева буга чейин китептин сапатына, анын мазмуну менен каталарга ким жооптуу экени так аныкталбай калганын, эми жаңы жобого ылайык окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу басмаканаларга жүктөлөрүн айтты.

Буга чейин бир катар окуу китептеринде грамматикалык каталар чыгып, министрликтин иши катуу сынга кабылган. Ошондой эле быйыл орто мектепти бүтүп жаткандардын айрымдарынын аттестаттарынан каталар кетип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG