Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Кылмышка шектүүнүн туугандары башкы прокурорду сотко чакырышты


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн шек саналып жаткан Мелис Калыковдун жакындары башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду күбө катары сотко катышуу үчүн чакырышты.

Бул тууралуу «Азаттыкка» айыпталуучунун бир тууганы Дамира Калыкова билдирди:

- Биз окуя болгон жерде биринчи жолу экспертиза жүргүзгөн, көргөн адамдарды күбө катары чакырууну соттон суранганбыз. Судья Кудаяров «силерге керек болсо өзүңөр чакыргыла» деп жатат. «Ал күбөлөр эмнеге келбей жатат» деген суроону да койгон жок. «Окуя болгон учурда барып көргөн башкы прокурор да күбө катары келсин» деп жазганбыз.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат аларга келип түшпөгөнүн, сот жана сотко катышкан прокурор буга байланыштуу кабар бербегенин билдирди.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Иш Ош шаардык сотунда каралууда. Кийинки отурум 2-сентябрда болот. (КE)

XS
SM
MD
LG