Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:27

Киев соту орусиялык журналисттен тилкат алып камактан чыгарды


Журналист Кирилл Вышинский.

Киев соту 28-августта орусиялык журналист Кирилл Вышинскийдин бөгөт чарасын карап, андан «эч кайда кетпейм» деген тилкат алып камактан чыгарды. Бул тууралуу «РИА Новости», ТАСС жана «Интерфакс» агенттиктери жазды. Журналисттин бөгөт чарасы сот жараяны жүрүп жаткан кезде, сот өкүмү чыкканга чейин аныкталды.

Мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин Украинадагы башчысы Кирилл Вышинский 2018-жылы майда «мамлекеттик чыккынчылык» үчүн айыпталып кармалган. Эгер бул берене боюнча анын күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок, журналист андай айыптоону четке кагып келе жатат. Москва болсо Кирилл Вышинский журналисттик ишмердүүлүгүнөн улам кармалган деп эсептейт.

Вышинский расмий Киев «РИА Новости» агенттигин «Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согушуна катышып жатат» деп айыптап жүргөн учурда кармалган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG