Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Зилалиев УКМКны «жалган маалымат таратты» деп айыптады


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев адвокаты аркылуу билдирүү таратты. Ал анда аялына жана балдарына карата Латвияда кылмыш иши козголгону айтылган жана «бир нече ирет үчүнчү өлкөгө каражат которгон» деген УКМКнын маалыматын четке каккан.

«Биз Латвия банкында менин жашы жете элек балдарымдын эсептери бар экенин эч качан жашырган эмеспиз. Бардык документтердин түп нускасы УКМКнын тергөө тобуна өткөн жылдын декабрь айында эле берилген. Коомчулукка бул жаңы маалымат катары берилип жатканы түшүнүксүз. Экинчиден, балдарымдын эсеби камакка алынганы боюнча маалымкатты Интерпол эмес, Латвиянын полициясы ушул жылдын мартында берген. Бул мага карата кылмыш иши сотто каралып бүткөнгө чейин колдонулчу стандарттуу процедура экени катта белгиленген. УКМК кылмыш иши менин жашы жете элек балдарыма, анын ичинде 4 жаш 10 ай болгон кызыма да козголгону тууралуу маалымат тараткан. Бул болбогон кеп!»

Зилалиев эсепти ачкан 2017-жылдын сентябрь айынан бери андагы акча кыймылдабаганын билдирген. «Бул болушу мүмкүн эмес, анткени бул билимге коротула турган, операциялык эмес акча, бир тыйынын да которууга мүмкүн эмес», деген Зилалиев.

Августтун башында УКМК Латвиянын укук коргоо органдары Дүйшөнбек Зилалиевдин аялына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун маалымдаган.

Мекеменин басма сөз кызматы бул иш Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Латвиянын Финансылык чалгын кызматынан алынган маалыматтын негизинде козголгонун билдирген. Ошондой эле балдарына деп ачылган эсеп аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдө акча которулганын кабарлаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.

Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (KЕ)

XS
SM
MD
LG