Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Жалал-Абадда ишкер жакыр үй-бүлөдө жашаган 120 баланы камкордукка алды


Жергиликтүү түрк ишкери Дебис Мустафа Ахмет Жалал-Абад шаарындагы, Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 120 баланы камкордукка алды. Шаар мэриясында өткөн жыйында Мустафа Ахмет калаадан чогулган 40 баланын ар бирине мектепке даярдануу үчүн 3 миң сомдон акчалай жардам берди.

- Мындан кийин ай сайын балдарга 18 жашка толгонго чейин 1,5 миң сомдон каражат берип турабыз. Бул кайрымдуулук иштерди мен балдар жогорку окуу жайын бүтүп, өз алдынча иш таап алганга чейин жасайм деген ниеттемин. Кудай буюрса ушул жерде түптөлгөн ишканам аркылуу колдоо көрсөтүү мен жок болгон кезде да улана берет, - деди Мустафа Ахмет ата-энелердин катышуусунда өткөн жыйында сүйлөп жатып.

Жыйынга шаар мэри Мураталы Тагаев да катышып, жергиликтүү ишкерлердин кайрымдуулук иштерин дайыма колдой тургандыгын билдирди.

Дебис Мустафа Ахмет негиздеген ишкана Жалал-Абаддан чет өлкөгө органикалык азыктарды экспорттоо менен 2001-жылдан тартып алектенип келет. Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматына караганда, калаа аймагында учурда 1 миң 142 үй-бүлөдөгү балдар турмуш шарты оор абалда жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG