Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Британ өкмөтү ханышадан парламенттин ишин токтото турууну суранды


Премьер-министр Борис Жонсон.
Премьер-министр Борис Жонсон.

Британ өкмөтү ханыша Елизавета II депутаттар эс алуудан келер замат парламенттин ишин дароо баштабай, токтото турушун каалайт. Бул аракети менен өкмөт парламенттин жаңы сессиясы башталган учурда, өкмөттүн иш пландарын баяндаган ханышанын салттык кайрылуусун 14-октябрга жылдырууну көздөп жатат. Мындай жагдай өкмөткө Европа Биримдигинен чыгууга жардам бермекчи. Башкача айтканда депутаттарда Еврошаркеттен эч кандай келишимсиз чыгууга тыюу салган мыйзам кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү болбой калат.

Жаңы премьер-министр Борис Жонсон Британиянын Еврошаркеттен келишим аркылуу чыгышын каалай турганын, бирок ага жетише албаса, баары бир өлкө 31-октябрга чейин уюмдун курамынан чыга турганын билдирген. Өкмөт башчынын бул көз карашы келишимсиз чыгууга тоскоолдук кылууну жактаган оппозициялык депутаттарды биригүүгө түртүп жатат.

Би-Би-Си жазгандай, парламенттин ишин токтотуп коюу өлкөдө олуттуу саясий кризис жаратышы мүмкүн. Оппозициядагы Лейбористтик партиянын башчысынын орун басары Том Уотсон «Твиттерге»: «Парламенттин ишин токтотуп коюу биздин демократияны катуу шерменде кылган жаңжал болот», деп жазды.

2016-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Британия Европа Биримдигинен 29-мартта эле чыгып кетиши керек болчу. Бирок бул мөөнөт өкмөттүн уюмдан чыгуу тууралуу парламентке сунуш кылган келишим долбооруна жана депутаттардын өз ара талаш-тартышына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Британия Европа Биримдигинен чыгуунун шарты боюнча Брюссел менен орток пикир таппай келе жатат.

Парламент Жонсонго чейинки премьер-министр Тереза Мэйдин Брюссел менен түзүлө турган келишим тууралуу долбоорун үч жолу четке каккан. Жыйынтыгында бул кризис Тереза Мэйдин кызматтан кетишине алып келген.

XS
SM
MD
LG