Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди издөө уланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Табалдиевдин Кыргызстандан чыгып кеткен-кетпегени тууралуу маалымат жок экенин билдирди.
«Азырынча белгисиз. Биз билген күндө да анын жашыруун маалымат экенин эске алып айта албайбыз. Издөө иштери жүрүп жатат», - деп жазылган мекеменин басма сөз кызматы берген маалыматта.
Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатышканы тууралуу маалымат 8-июлда чыккан. Ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыккан. Кийин ИИМ анын кайда экени белгисиз болгондуктан ага издөө жарыялаган. Мамлекеттик чек ара кызматы Табалдиевдин өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу расмий маалымат бере элек.
Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары менен байланышууга мүмкүн болбоду.
Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы айтылган эмес.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мурдагы аткаминерлер айыпталууда. Бир тобу камалып, кайра үй камагына чыкты. (КЕ)