Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Банктын айнегин талкалаган кызга издөө салынды


Ала-Тоо аянты. 8-август, 2019-жыл.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бейбаштык боюнча шектүү деп табылган кызга издөө жарыялады. Бул тууралуу милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-августта «Оптима Банктын» өкүлдөрү имаратынын терезесин талкалап кеткен белгисиз кызга чара көрүп берүүнү өтүнүп милицияга арыз жазышкан. 9-август түнү саат 12лер чамасында 20-25 жаштагы кыз Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Оптима Банктын» эшигинин айнегин талкалап кеткен. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда милиция 20-25 жаштагы белгисиз кызга издөө салып, коомчулуктан жардам сурады. Ички иштер органдары ал жөнүндө билгендерди 102 номуруна чалып коюуну өтүнөт. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG