Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:06

Жалал-Абаддын мэри агасын кызматка дайындады


Мураталы Тагаев.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн бир тууган агасы Абдималик Тагаевди шаар мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындады. Бул маалыматты мэрияга караштуу маалымат борбору «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка ылайык, агенттиктин мурунку башчысы өз каалоосу менен жумушун тапшыргандыктан анын орду бош турган. 21-августта шаар мэри Абдималик Тагаевди арызынын негизинде башчылыкка бекитти.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы ички машруттук каттамдарды көзөмөлдөйт. 52 жаштагы Абдумалик Тагаев буга чейин шаар мэриясына караштуу соода департаментинин башчысы, андан кийин “Жалал-Абад-Тазалык” ишканасында жооптуу адис болуп иштеп турган.

Тагаевдердин дагы башка бир тууганы Абибилла Тагаевди “Газпром-Кыргызстан” компаниясы куруп берген шаардагы ден соолукту чыңдоочу жайга жетекчилик кылат. Ал учурда президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

Мэр бир тууганын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 44-беренесине ("Шаар мэринин ыйгарым укуктары") ылайык дайындаган.(RsK)

Пикирлерди көрүңүз (54)

XS
SM
MD
LG