Италия парламентинде көпчүлүктү түзгөн «Беш жылдыз кыймылы» партиясы жана Демократиялык партия коалициялык өкмөт куроо боюнча мунасага келип, премьер-министрлик кызматта Жузеппе Конте калмай болду.
Буга чейин «Беш жылдыз кыймылы» Жузеппе Конте өкмөт башчылык ишин уланта беришин, Демократиялык партия башка талапкер керек экенин айтып жаткан. Эгер партиялар бир пикирге келбесе, парламент таратылмак.
Италия президенти Сержо Маттарелла Контеге өкмөттүн курамын аныктоону тапшырыш үчүн 29-августка резиденцияга чакырды.
Жузеппе Конте 2018-жылдын 1-июлунан тартып өкмөттү башкарып, быйыл 21-августта расмий түрдө кызматтан кеткен. Конте парламентте сүйлөп жатып өз чечимин башкаруучу коалициядагы партиялардын ичиндеги ыйкы-тыйкылык менен түшүндүргөн.