Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:10

Президент мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди сыйлады


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Эгемендик күнүнө карата кол коюлган жарлыкка ылайык, өлкөнүн өнүгүшүнө ар тараптан салым кошкон 170тен ашуун адамга өз ишиндеги жетишкендери үчүн мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Алардын арасында экинчи даражадагы «Манас» ордени менен Эл артисттери Жамал Сейдакматова, Самарбүбү Токтакунова сыйланды. Ал эми үчүнчү даражадагы «Манас» орденине акын Надырбек Алымбеков, Кыргыз-Өзбек университетине караштуу Котормо жана окуу китептерин басып чыгаруу борборунун жана «Табигый таш» илимий-изилдөө борборунун директору Мухаммаджан Мамасаидов татыктуу болушту.

Ошондой эле «Avia Trafic Company» («Авиа Траффик Компани») жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Алик Аскаров, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы Рахатбек Оморов «Даңк» орденин алды.

Ал эми «Кыргыз эл акыны» наамы акындар Карбалас Бакиров, Абдыжапар Эгембердиевге ыйгарылды.

«Кыргыз эл артисти» деген наам актёрлор менен Шаршеналы Дүйшөнкуловго, ырчылардан Замира Мавляновага, Бакыт Шатеновго жана Жумагүл Жумалиевага берилди.

«Эмгек сиңирген артист» наамы Ош улуттук драма театрынын артисти Рашбек Асановго, композитор Сатылган Осмоновго, актриса Калича Сейдалиевага берилди.

Жазуучу Кубатбек Жусубалиевге «Кыргыз эл жазуучусу» наамы ыйгарылса, Дүйшөн Жолчуев «Эл сүрөтчүсү» наамына татыган.

Акындар Фатима Абдалова, Атантай Акбаров, режиссёр, драматург Аманбек Жапаров жана башкалар «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамын алса, дагы бир катары «Эмгек сиңирген артист», ар түрдүү кесиптеги ондогон кишиге президенттин ардак грамотасы жана башка сыйлыктар берилди.

Ошондой эле «Даңк» медалы Баткен облусунун Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматовго калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган Ак-Корум-Кереге-Таш ирригациялык каналын куруу боюнча социалдык маанилүү долбоорду демилге кылгандыгы жана ишке ашыргандыгы үчүн берилди.

Мындан сырткары бир катар жарандар билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, экономика, айыл чарба, өнөр жай жана спорт тармагына сиңирген эмгеги, жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлактарга татыды. Сыйлык алгандардын арасында аскер кызматкерлери да бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-Август - Эгемендик күнүнө карата «Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG