Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Жон Болтон Кишинёвго барды


Жон Болтон жана Молдованын премьер-министри Майя Санду. 29-август, 2019-жыл.
Жон Болтон жана Молдованын премьер-министри Майя Санду. 29-август, 2019-жыл.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Украинадан кийин Молдовага барды. Андан соң Беларуска жол тартмакчы.

Вашингтондун расмий өкүлү эки өлкөнүн жетекчилери менен «аймактык коопсуздук маселелерин» талкуулай тургандыгын айтты. Кишинёвдо Жон Болтон батышчыл «Жаңы платформа» партиясынын лидери, премьер-министр Майя Санду менен кездешти. Өткөн жумада премьер «АКШнын мындай жогорку даражалуу расмий өкүлүнүн келиши Молдованы колдоону айгинелейт», деп «Фейсбукка» жазган. Болтон Орусияга ыктаган социалисттик партиянын өкүлү, президент Игорь Додон менен да жолугушмакчы.

Беларус мамлекет башчысынын кеңсеси да Жон Болтон президент Александр Лукашенко менен сүйлөшүү жүргүзөрүн 27-августта билдирген. Эске сала кетсек, акыркы 20 жылдан бери Вашингтондун жогорку расмий адамдары Минскиге каттаган эмес.

XS
SM
MD
LG