Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

Украин парламентинин жаңы чакырылышы алгачкы жыйынын өткөрөт


Жогорку Раданын имараты. Киев шаары.
Жогорку Раданын имараты. Киев шаары.

Киевде Жогорку Раданын жаңы чакырылышынын алгачкы жыйыны өткөнү жатат. Анда 424 эл өкүлү ант беришмекчи. Салтанатка Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын, Европа Парламентинин, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү чакырылган. Депутаттардын алдына президент Владимир Зеленский чыгып сүйлөйт. Анын “Эл кызматчысы” партиясы 254 мандат менен парламентте көпчүлүктү түзөт. Өлкө эгемендик алган учурдан бери мындай парламенттик көпчүлүк болуп көргөн эмес.

“Эл кызматчысы” фракциясынын добуштары Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн башка бардык мыйзамдарды кабыл алуу үчүн жетиштүү болот.

Бейшембидеги күн тартибине 27 маселе киргизилген. Атап айтканда депутаттар фракция жана депутаттык топторду түзүү, коалиция түптөө, өкмөттүн отставкасы, депутаттык кол тийбестикти алуу тууралуу мыйзам долбоорлору менен алектенишмекчи.

XS
SM
MD
LG