Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Ыктыярчылар Арыстагы балдарга жардам беришүүдө


Ыктыярчылар чогулткан окуу куралдары. Арыс шаары, Казакстан.
Ыктыярчылар чогулткан окуу куралдары. Арыс шаары, Казакстан.

Казакстандык ыктыярчылар Арыс шаарынын балдарына окуу куралдарын таратып жатышат. Июнда шаар ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыркаган. Августтун башында активисттер балдарга жардам берүү боюнча демилге көтөрүп, акча чогултууга киришкен. Активисттердин бири Бэлла Орынбетова өлкөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн киши 900 миң тенге (180 миң сом) которгонун айтты. Бул каражатка дептер, калем, рюкзактар алынып, арыстык 300дөй үй-бүлөгө жардам берилди.

24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. 4 киши өлгөн, жүздөгөн адам медициналык жардам сурап кайрылган. Калаа тургундары бир нече күнгө эвакуацияланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жарылуудан турак жайлардын 85% жабыркаган, 20дан көп үй өрттөнүп кеткен.

Өкмөт Арысты калыбына келтирүүгө 56,1 миллиард теңге (144,7 миллион доллар) бөлүнүп жатканын билдирген.

 

XS
SM
MD
LG