Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Британ парламентинин ишин токтотууга каршы чыккандар миллиондон ашты


Брекзитке каршы акция. Лондон, 28-август 2019-жыл.
Брекзитке каршы акция. Лондон, 28-август 2019-жыл.

Британияда парламенттин ишин убактылуу токтотуу боюнча премьер-министр Борис Жонсондун чечимин жокко чыгарууну талап кылган петицияга бир миллиондон көп киши кол койду. Мыйзамга ылайык, бийлик 100 миңден ашуун кол топтогон кайрылууларга реакция кылууга тийиш.

28-августта каныша Елизавета II өкмөт башчынын өтүнүчү менен парламенттин ишин убактылуу токтотууга макул болгон. Тыныгуу сентябрдын экинчи аптасында башталып, 14-октябрга чейин уланмакчы. Мындай чара өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышына - Брекзитке жардам берери айтылган.

Премьердин оппоненттери бул жол башаламандыкка жана экономиканын начарлашына алып келет деп тынчсызданышат. Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин Жонсонго ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүгө убада берди.

2016-жылкы референдумдун негизинде Британия шаркеттен 29-мартта эле чыгышы керек болчу. Парламент буга чейинки өкмөт башчы Тереза Мэй сунуш кылган Брюссел менен түзүлгөн келишим долбоорун 3 жолу четке каккан. Ошондон кийин Мэй кызматтан кетип, шаркеттен чыгуу мөөнөтү 31-октябрга жылдырылган. Жонсон макулдашуусуз болсо да, ошол күнгө чейин Брекзитти ишке ашырарын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG