Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Украинанын башкы прокурору кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды


Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко. 2018-жыл
Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко. 2018-жыл

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко президент Владимир Зеленскийдин атына кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу Луценконун басма сөз катчысы Лариса Сарган билдирди.

Президент июндун башында эле башкы прокурорду иштен алуу боюнча токтомго кол койгон, бирок парламент ал чечимди колдобой койгон. Луценко Жогорку Раданын жаңы курамы ишин баштаганда кызматтан кетерин айткан. Ушу тапта Киевде парламенттин жаңы чакырылышынын алгачкы жыйыны өтүп жатат. Анда көпчүлүк мандаттар президенттин «Эл кызматчысы» партиясына тийген.

Луценко Башкы прокуратураны 2016-жылдын май айынан бери жетектеп турду.

XS
SM
MD
LG