Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Текебаев: Саясий мотив менен камалгандардын иши кайра каралышы керек (видео)


Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана алардын тарапташтары. 29-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана алардын тарапташтары. 29-август, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сот залынан чыккандан кийин саясий туткундардын иши кайра каралышы керек экенин айтты.

- Соттун имараты эле эмес, судьялардын жан-дүйнөсү да жаңыланышы керек. Аларда жаңы салт, жаңы норма, принциптер пайда болушу зарыл. Ошондо гана сот реформасы жүрөт. Ага жарандардын салымы чоң. Ар бир район, айылда туура эмес ишке каршы чыкса соттор туура чечим чыгарганга мажбур болот... Биз эле эмес, саясий мотивде отурган башка туткундардын, анын ичинде Садыр Жапаровдун, жалган жалаа менен камалган жөнөкөй карапайым балдардын иши да кайра каралышы керек, - деди Текебаев.

Текебаев сот бул жолу акыйкат чечим чыгарат деген ишеничин билдирди.

Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу сот иши 12-сентябрга белгиленди.

Бүгүн, 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын карады. Саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. (КE)

XS
SM
MD
LG