Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Бабанов: жалпысынан сегиз иш боюнча суралып жатам


Өмүрбек Бабанов. 29-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Бабанов. 29-август, 2019-жыл.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) да төрт иш иликтенип жатканын айтты.

- Менин билишимче УКМКда төрт иш бар экен. Ошол иштер боюнча көрсөтмө берип жатам. Финансы полициясында да төрттөй иш бар экен, - деди Бабанов.

Ал жогорудагы иштердин айрымдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда, айрымдары быйыл жанданганын билдирди. Бабанов бул тууралуу бүгүн, 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин айтты. Ал буга чейин да атайын кызмат менен Финполго бир нече жолу сурак берген.

«Азаттык» Өмүрбек Бабановго байланыштуу иштер боюнча УКМК менен Финансы полициясына кайрылды. Атайын кызмат кат жөнөткөндөн кийин жооп берерин, ал эми Финполиция тактап туруп жооп узатарын кабарлады.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бабанов «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып боюнча УКМКга сурак берип жатат.

Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу быйыл апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда.

Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен. Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG