Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Флай: «Азаттык» коррупцияны иликтөөнү уланта берет


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай. 29-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай. 29-август, 2019-жыл.

«Азаттык» радиосу туш болуп жаткан чабуулдарга карабай, коррупцияны ашкерелеген иликтөөлөрүн мындан ары да уланта берет. Мындай ой-пикири менен «Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флай президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин «Настоящее время» телеканалына берген комментарийинде бөлүштү:

- Бийликтин журналисттик иликтөөлөрдүн, өзгөчө коррупциялык иштерди ашкерелөөнүн маанилүүлүгүн төмөндөтүү аракеттери камтама кылат. Биздин кызматкерлер жок жерден башка маалымат каражаттарынын чабуулуна туш болушту деп ойлойм. Кыргызстандагы медиа мейкиндикте күчөп жаткан кайым айтышуу бизди тынчсыздандырат. Бирок чабуулдарга карабай, биз ишибизди улантабыз, олуттуу иликтөөлөрдү жүргүзө беребиз, коррупциялык иштерди мындан ары да ашкерелейбиз. Президент Жээнбеков менен сүйлөшүүдөн кийин бийлик эркин маалымат каражаттарынын бардык деңгээлдеги коррупциянын бетин ачуу аракеттерин колдойт деген ойдо калдым... Кыргызстанда президент сөз эркиндигин жана маалымат каражаттарынын түрдүүлүгүн колдоого даяр экени мага чоң таасир калтырды.

Флай 29-августта Бишкекте Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Президент Жээнбеков «Азаттыктын» журналисттик иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө абдан маанилүү экенине токтолуп, аларга такай көз салып турарын жана андагы айрым фактылар боюнча чоң иштер жасалып жатканын белгиледи. Ошондой эле «Азаттыктын» туруктуу угарманы экенин кошумчалады. Мамлекет башчы «Азаттык» бардык тараптын үнүн уккан, микрофон берген, бейтарап медиа экенин айтты.

Корпорациянын президенти Жейми Флай Кыргызстанга 28-августта келген. Ал буга чейин Тажикстанда, Казакстанда болду. Тышкы саясат боюнча адис Жейми Флай «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти болуп 1-августтан тартып кызматка киришкен.

«Азаттык» буга чейин бир катар коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ашкерелеген иликтөөлөрдү чыгарган. Алардын айрымдары боюнча тиешелүү органдар кылмыш иштерин козгошкон.

XS
SM
MD
LG