Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Бузургмехр Ёров Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка көрсөтүлдү


 адвокат Бузургмехр Ёров
адвокат Бузургмехр Ёров

Тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёров Европа кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка көсөтүлдү. Ал "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн 28 жылга кесилген. Сыйлык Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) тарабынан адам укугун коргогон ишмерлерге берилет.

Сыйлыктын жаңы ээси расмий түрдө ПАСЕнин 30-сентябрдагы пленардык сессиясында жарыяланат. Ага Ёровдон тышкары уйгур укук коргоочусу Илхам Тухти менен "Youth Initiative for Human Rights" уюму көрсөтүлгөн.

Борбор Азиядагы адам укуктары бирикмесинин башчысы Надежда Атаева белгилегендей, Бузургмехр Ёров өз эркиндигин тобокелге салып, «Ислам кайра жаралуу партиясынын» мүчөлөрүнүн укуктарын коргогон. «Буга жооп кылып бийлик жасалма иштердин негизинде аны соттоп, туугандарын куугунтукка алды», — деди Атаева.

Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалып, 28 жылга кесилген.

Кийинчерээк Бузургмехр Ёровго каршы алдамчылык жана тажик президентин кемсинтүү айыптары менен төртүнчү кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG