Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:28

Мурдагы мэр Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты


Албек Ибраимов сот залында

Бишкектин Ленин райондук сотунда жүрүп жаткан жараянда, борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ал мэр кезинде Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө айыпталууда. Экс-мэр бул иш боюнча өтүп жаткан башка шектүүлөргө басым жасалып, тергөө менен кызматташууга мажбур болгонун айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартарын билдирди.

Ага чейин бул иш боюнча шектелип жаткан мэриянын мурдагы кызматкерлери Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесаревдин суроолоруна жооп берүүдөн тартышкан болчу.

Кийинки соттук жараян 2-сентябрга белгиленди.

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов былтыр июнь айында камакка алынган. Ага карата борбордун четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу эки кылмыш иши козголгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү болгон Ибраимов бул кылмыш иштерин куугунтук катары эсептеп келет. Ал УКМКнын Тергөө абагында кармалууда.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG