Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:28

УКМК коррупцияга каршы эсепке 31 миллион сом которду


иллюстрациялык сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолгон бирдиктүү эсепке 31 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган орган бирдиктүү эсеп ачылгандан бери 272 миллион 815 миң которгон.

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен былтыр коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолчу атайын эсеп ачылган. Финансы министрлигинин 26-августка карата маалыматы боюнча бул эсепке жалпысынан 1 миллиард 563 миң 429 миң сом топтолгон. Анын ичинен быйыл жыл башынан бери 789 миллион 225 миң сом келип түшкөн.

Бирдиктүү эсепке топтолгон каражаттын 785 миллион 829 миң сомун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы, 519 миң 262 миң сомун Башкы прокуратура жана 7 миллион сомун Ички иштер министрлиги которгон.

Буга чейин президент Жээнбеков бул каражатка Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар куруларын билдирген.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG