Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

1373 адам Кыргызстандын жарандыгын алды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 1373 адам Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык 638 адам берген арызына ылайык өлкөнүн жарандыгынан чыгарылды.

Маалыматка ылайык, жарандык алгандардын көпчүлүгү мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Алардын арасында белгилүү футболчу Эмил Кенжисариев да бар.

32 жаштагы футболчу Эмил Кенжисариев Кыргызстанда туулуп-өскөн. 17 жашында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасында ойногон. Кийин Казакстандын бир катар футбол клубдарынынын атынан чыгып, ошол өлкөнүн жарандыгын алган.

2013-жылы Алматыда белгисиз адамдардын кол салуусунан соң спорттук карьерасын жыйынтыктаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG